Казакстан орбитада иштеп жаткан спутниктердин саны боюнча 30-орунда

Казакстан орбитада иштеп жаткан спутниктердин саны боюнча 30-орунда

Казакстан орбитада спутниктердин саны боюнча 30-орунда турат. Өлкөдө эки байланыш спутниги, эки аралыктан зонддоо спутниги жана эки илимий-техникалык спутник, бардыгы болуп алты космос аппараты бар. Мындай маалыматтарды Dewesoft изилдөө тобу жарыялады. Бүгүнкү күндө Жердин орбитасында активдүү спутниктердин саны 4550 даана. Америка Кошмо Штаттары орбитада спутниктердин саны боюнча алдыда. Кошмо Штаттарда 2804 космостук аппарат бар. 467 спутниги менен Кытай экинчи орунда, андан кийин Улуу Британия турат. Аталган өлкөнүн 349 космостук аппараты бар. Ал эми коңшу Орусия 168 спутниги менен төртүнчү орунда турат. Дүйнөнүн 75 өлкөсүндө кеминде бир спутник орбитада жайгашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков