Казахстана жана Иордания

Казахстана жана Иордания

Казакстан менен Иордания кызматташтыкты күчөтүүнү көздөөдө. Маселен, өлкө Иорданиянын рыногуна жалпы суммасы 250 миллион долларга барабар болгон 60 түрдүү чийки эмес товарларды жеткирүүнү көбөйтүүгө даяр. Бүгүн Астанада Касым-Жомарт Токаев менен Иорданиянын Королу Абдалла IIнин тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрү өттү. Мамлекеттин башчысы Казакстан Иордания менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин, Иордания араб дүйнөсүндөгү ишенимдүү жана убакыт сынагынан өткөн өнөктөш экенин баса белгиледи. Эки өлкөнү саясий жана экономикалык чөйрөлөрдөгү жалпы кызыкчылыктар гана эмес, кылымдарды карыткан жалпы баалуулуктар жана каада-салттар да байланыштырат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Биз сиздин эки тараптуу мамилелерди чыңдоого болгон чын ыкластуу берилгендигиңизди жогору баалайбыз. Сиздин акылман жана көрөгөч лидерлигиңизди, ошондой эле аймакта да, глобалдык деңгээлде да тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуудагы өзгөчө ролуңузду өзгөчө белгилегим келет. Сиздин аракетиңиздин аркасында Иордания Жакынкы Чыгыштагы туруктуулуктун таянычы болуп калды. Сиздин бүгүнкү сапарыңыз эки тараптуу мамилелерге кошумча түрткү берип, байланыштарды бекемдеп, өз ара аракеттенүүнүн жаңы этабына жол ачат деп ишенем.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын бирдин айында Казакстандын Президенти Иорданияга расмий сапар менен барган. Анда тараптар товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга чейин көбөйтүү милдетин коюшкан. Мындан тышкары, Казакстан менен Иордания мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алып, бир катар мекемелер аралык жана коммерциялык документтерге кол коюшкан. Ал эми бүгүн Астанада тараптар өсүү чекиттерин аныктоого ниеттенүүдө. Маселен, Казакстан Борбор Азия менен Жакынкы Чыгыштын ортосундагы интермодалдык ташууларды биргелешип өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. Айыл чарба, туризм жана санариптештирүү тармактарында өз ара аракеттенүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар. Өз кезегинде иорданиялык тарап медицина, фармацевтика жана коргонуу өнөр жайын өнүктүрүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшүүнү сунуштады.

Абдулла II бен Аль-Хусейн, Иордания Хашимит Королдугунун королу:

- Бүгүнкү жолугушуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана ар кандай тармактарда эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө болгон жалпы умтулуубузду тастыктайт. Мурунку сүйлөшүүлөрүбүздүн жыйынтыгында бир катар маанилүү келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлган. Бүгүнкү макулдашуулар, ошондой эле алардын ийгиликтүү ишке ашырылышы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн бекем негиз болот деп ишенем.

Мындан тышкары, тараптар атом өнөр жайында кызматташат. Ишкердик байланыштар көбөйүшү үчүн, өлкөлөрдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү өнүгөт, келерки жылы эле Амман менен Алматыны түз аба каттамдары байланыштырышы мүмкүн.

Бүгүн дагы падыша Абдалла II Касым-Жомарт Токаевди өлкөлөр ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон зор жеке салымы үчүн Иордания Хашимит Королдугунун «Аль-Нахда» жогорку ордени менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков