359 эл аралык байкоочу референдумдун өтүшүнө көз салат

359 эл аралык байкоочу референдумдун өтүшүнө көз салат

Добуш берүү жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун, жана так сакталышын камсыз кылуу. Казакстанда референдумга даярдык көрүүдө буга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул жерде эл аралык байкоочулардын катышуусу маанилүү ролду ойнойт. Алар буга чейин ушундай тажрыйбасы бар эл аралык серепчилер жана аналитиктер. Казакстандагы учурдагы өнөктүккө дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн жана 11 эл аралык уюмдан 359 байкоочу аккредитациядан өттү. Алардын айтымында, өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоору чоң дараметке ээ жана коомдун азыркы муктаждыктарына жооп берет.

Уэсли Александер Хилл, эл аралык байкоочу: /АКШ/

Буга чейин мен 2023-жылы Казакстандагы парламенттик шайлоодо байкоочу болгом. Ошондой эле Евразиянын башка өлкөлөрүндө, Африка мамлекеттеринде, Латын Америкасында жана АКШда дагы байкоочу болгом. Кайсы шайлоого байкоо салбайын, адамдарды добуш берүүгө эмне түрткү берерине көңүл бурам. Адамдарды шайлоону уюштурууга катышууга эмне түрткү берери кызыктырат, мисалы, шайлоо участкаларында иштегендер, добуштарды саноону көзөмөлдөгөндөр жана башкалар.

Альберто Туркстра, эл аралык байкоочу: /Бельгия/

– Учурдагы референдум Казакстандын институттарын бекемдөө боюнча узакка созулган иштин жыйынтыгы болуп саналат. Мен өз ишимде биринчи кезекте жарандардын катышуу деңгээлине көңүл бурам. Адамдар өздөрүн бул процесстин бир бөлүгү катары сезиши абдан маанилүү. Ошондуктан, шайлоого келүү деңгээли, айрыкча жаштардын, аялдардын, ошондой эле коомдун бардык катмарларынын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусу маанилүү. Процесс инклюзивдүү болушу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков