Алматыга экономиканы терең диверсификациялоо керек. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев шаар коомчулугу менен жолугушууда билдирди. Буга байланыштуу президент бул жерде кайра иштетүү өнөр жайын, туризмди, IT тармагын жана креативдүү тармактарды өнүктүрүүнү тапшырды. Ошол эле учурда, мамлекет башчысы мегаполис ИДӨдүн бештен бир бөлүгүн, башкача айтканда, бюджеттин кирешесинин чейрек пайыздан ашыгын жана сооданын үчтөн бирин камсыз кылаарын эске салды. Жыл башынан бери шаардын экономикасына 930 миллиард жеке инвестиция тартылып, дээрлик 20% өстү. Президенттин айтымында, шаарга мындан ары инвестиция тартуу, атаандаштыкты күчөтүү жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн олуттуу жогорулатуу зарыл. Ошондой эле, өлкө башчы Алматынын индустриалдык аймагынын жана «Алатау» инновациялык технологиялар паркынын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу керектигин эске салды. Касым-Жомарт Токаев Алматы санариптик көчмөндөр үчүн жагымдуу борборго айланып бара жатканын кошумчалады. Жакынкы арада шаарда чыгармачылык хабдар жана кластерлер ишке кирет. Ал эми мегаполисте шаардык венчурдук фондду түзүүнү ишке ашыруу үчүн жеке каражаттарды тартуу маанилүү, деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков