Атырау облусунда полиэтилен өндүрүүчү интеграцияланган
газ-химиялык комплексти куруу мерчемделип жатат. Ал эми Абай облусунда
кубаттуулугу жылына 300 миң тонна жез эритүүчү завод курулат. Ал дүйнөгө
белгилүү Pepsico компаниясынын тамак-аш жана суусундуктарды чыгаруучу заводу
Борбор Азиядагы эң ири ишкана болот. Ишкана 2026-жылы Алматыга жакын жерде
ачылат. Кошумчалай кетсек, быйыл түркиялык өнөктөштөр менен биргеликте
Шымкентте күнөскана комплексинин курулушунун биринчи этабы бүткөрүлөт.
Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, өлкөдө чет элдик капиталдын катышуусунда
ондогон эмес, жүздөгөн ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алар өлкөнүн экономикасын
ар тараптандырууга багытталган.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков