Тактап айтканда, ата мекендик балык азыктары Франция менен Швейцарияга экспорттолот. Учурда тиешелүү коммерциялык келишимдер да бар. Белгилей кетсек, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Евробиримдик өлкөлөрүнө казак балыгынын экспорту 1,5 эсеге өсүп, 9 миң тоннага жакынды түзгөн. Негизги кардарлар Польша, Словакия, Чехия, Нидерланды, Литва, Латвия, Дания, Австрия жана Германия болду. Ошондой эле, өлкө бал, жылкы, уй жана сүт азыктарын Европа рыногуна жеткире алат. Казакстандын тышкы соодасынын 30%га жакыны Евробиримдикке таандык. 2022-жылы айыл чарба өнүмдөрүнүн соода жүгүртүүсү миллиард долларга жеткен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков