Бул маселе ушул жылдын баш оона айларынын 21-22де Женевада өтө турган Эл аралык федерациянын Генералдык Ассамблеясында чечилүүгө тийиш. Эл аралык федерациянын негизги талабы – таза кандуу иттер жетиштүү санда болушу шарт.
Бауыржан Сериккали, «Казакстан кинологдор союзу» коомдук бирикмесинин президенти:
- Жети казынанын бирине кирген казактын тайгандары менен дөбөтүн казактын ит тукумунан экенин далилдөө үчүн биринчиден, башка иттер менен аралашпай, бир кандан болуш керек. Ошол эле учурда пародасы тынымсыз үч төлгө уланууга тийиш. Мындан тышкары, системалуу калыптанган стандарт болушу керек. Бул эл аралык уюмдун талабы. Учурда бул талапты аткаруу боюнча пландуу түрдө иштер жүрүп жатат. Ошол эле учурда казак иттеринин эл аралык уюм тарабынан таанылышы үчүн алардын өзгөчөлүгүн тактай турган генетикалык изилдөөнүн жыйынтыгы болушу керек. Айта кетсек, тайгандардын мындай ДНК тести жүргүзүлүп, эл аралык илимий журналга жарыяланды.
Белгилей кетсек, Казак ит породаларынын улуттук борбору теке айынан тарта иштей баштайт. Аталган борбор тайган жана дөбөт породаларын сактоо жана көбөйтүү, ошондой эле атайын адистерди даярдоо менен алектенет. Дагы бир айта кетчү нерсе, борбор иттердин теги боюнча сертификат берип, бирдиктүү санжыра китебин жүргүзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков