Иртыш аймагында коомдук этнография музейи ачылды

Иртыш аймагында коомдук этнография музейи ачылды

19-кылымдагы Куран китеби, күмүш жасалгалар, кооз буюмдар, дүйнөлүк карталар жана башка баалуу экспонаттар. Мунун баары Павлодарда ачылган коомдук этнографиялык музейден орун алды. Эң кызыгы, бул жерде коюлгандарды облустун тургундары чогулткан. Казакстан элдеринен башка экзотикалык мамлекеттерге таандык экспонаттар да коюлган. Мына ушундай жол менен акыркы тогуз жылдын ичинде жүздөгөн буюмдар жыйналды.

Еңлик Абеуова, этнограф:

- Этнографиялык музей экспозициясынын өзгөчөлүгүнүн бири – жаңы экспонаттар болсун, Павлодар облусунун айыл аймактарын кыдырууда топтолгон этнографиялык материалдардын жыйынтыгы көрсөтүлгөн. Ошондуктан ал да уникалдуу болуп саналат. Бул бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген экспонаттардын бет ачаары.

Александр Вервекин, география үйүнүн мүдүрү:

- Алгач коллекциялар жыйналды, андан кийин музейге имарат издедик. Руханий дүйнөдөгү ар бир экспонат терең тарыхка ээ. Алардын көбү казак элине таандык. Республикабызда жашаган көп сандаган улуттардын турмушунун, маданиятынын сырларын ачкан буюмдар коюлган. Келечекте музей руханий, маданий-агартуу борборуна айланат.

Учурда музейдин фондунда 200дөн ашык экспонат бар. Коомдук этнографиялык музейдин мурастары менен каалаган тургун тааныша алат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков