1 миллиондон ашык адамга социалдык төлөмдөр берилет

1 миллиондон ашык адамга социалдык төлөмдөр берилет

Жыл сайын 1 миллиондон ашык казакстандыктар социалдык төлөмдөрдү алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Нурсулу Кемел билдирди. Анын айтымында, жарандар мамлекеттен беш негизги багыт боюнча акчалай жардам алышат. Багуучусун, эмгекке жарамдуулугун жоготкон, анын ичинде төрөткө жана кош бойлуулугуна байланыштуу жагдайлар, ошондой эле бир жашка чейинки баланы багуу зарылчылыгынан улам кирешеси жок калган адамдар жардам акы төлөмдөрүн алышат. Мындан сырткары, ишкерлер, жеке практика кызматкерлери жана бирдиктүү төлөм жүргүзгөндөргө да төлөмдөр эсептелинген. Жардам алуу үчүн кайрылуунун эки жолу бар – Калкты тейлөө борборлору жана онлайн аркылуу. Эске салсак, Казакстанда милдеттүү социалдык камсыздандыруу 17 жыл мурун киргизилген.

Нурсулу Кемел,  мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунун башкы мүдүрү:

- Расмий жумушка орношуу абдан маанилүү, анткени адам ишке кабыл алынаары менен эмгек келишими түзүлөт, иш берүүчү кызматкердин алдында социалдык милдеттемеге ээ болот. Ай сайын төлөмдөрдү төлөөдө, отчеттук күндөн кийинки 25-күнгө чейин фонд менен эч кандай кошумча келишим түзбөстөн, ИИНдин негизинде бул социалдык чегерүү алынат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков