Казакстандын деңиз порттору аркылуу жүк ташуу 19%га өстү

Казакстандын деңиз порттору аркылуу жүк ташуу 19%га өстү

Бул 2022-жылдын 11 айындагы көрсөткүчтөрдүн 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өскөндүгүн айгинелейт. Бул тууралуу Индустрия  жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Адистердин айтымында, «Актау деңиз порту» Атайын Экономикалык Аймак курамына киргенден кийин бул көрсөткүчтөр жогорулайт. Бүгүнкү күндө аталган долбоор бышыкталып жатат. Алдыдагы убакытта порт инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлорунун тартымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Дагы бир айта кетчү нерсе, тиешелүү мекеменин маалыматы боюнча, республика боюнча контейнердик ташуулардын көлөмү да дээрлик төрттөн бир эсеге өскөн. Ошону менен бирге темир жол транспортунда жүк жеткирүүнүн көрсөткүчтөрү да артып келүүдө. Жалпысынан жүк ташуудагы эл аралык рынокто казакстандык ишкерлердин үлүшү 7%га өскөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков