Казакстан экономикасынын чийки зат эмес секторго салынган инвестициясынын үлүшү 20%га артты

Казакстан экономикасынын чийки зат эмес секторго салынган инвестициясынын үлүшү 20%га артты

Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз кызматы билдирди. Ошол эле учурда мунай эмес секторго инвестициянын үлүшү 20%га өскөн. Кайра иштетүү тармагына тартылган каражаттардын көлөмү да көбөйдү. Акыркы 5 жылда эле 1,5 эсеге жогорулады. Өз кезегинде мунай эмес тармактарды мындан ары өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында мамлекет тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүүдө. Биринчиден, өлкөдө жалпы суммасы 28 триллион теңге болгон 870 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Алардын 280и быйыл пайдаланууга берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков