Казакстан Иран менен Азербайжанга дан жеткирүүнү кайрадан баштады

Казакстан Иран менен Азербайжанга дан жеткирүүнү кайрадан баштады

Казакстан дан эгиндеринин эл аралык рынокторунда өз позициясын бекемдөөнү улантууда. Мисалы, Иран менен Азербайжанга дан жеткирүү кайра калыбына келе баштады. Ирандын өзүнө дан өнүмдөрүн жеткирүү дароо 30 эсеге өстү. Азербайжанга азырынча 188 миң тонна экспорттолгон. Дээрлик 2 эсе. Өткөн жылы Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Ооганстан дагы казак данын 45-60%көп импорттогон. Ата мекендик ташуучунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын жыйынтыгында10 жарым миллион тоннага жакын эгин ташылып, анын ичинен 8 миллион тоннадан ашыгы экспорттун үлүшүнө туура келет. Ал эми өткөн жылдын аяк оона айынан бештин айына чейин 3,9 миллион тонна өнүм жиберилди. Башкача айтканда, өткөн жылдын ушул мезгилинде жаңы өнүмдүн экспорту 57%га көп.

Которгон: Илгиз Жамалбеков