Казакстанда жыл аягына чейин көмүр суутек чийки заты боюнча жер казынасын пайдаланууга байланыштуу 25 жер тилке аукционго коюлат. Бул тууралуу энергетика вице-министри атайын брифингде билдирди. Анын айтымында, эми электрондук соода жаңыртылган талаптар менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Буга чейин уюштурулган эки аукциондун жыйынтыгында тиешелүү документке айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыккан. Эске салсак, жаңы системанын биринчи сатылышында жер казынасы боюнча 8 келишим түзүлгөн. Экинчисинде 9,3 миллиард теңгени түзгөн 10 аянт боюнча келишимге кол коюлган. Жалпысынан, көмүр суутектер боюнча 276 келишим түзүлгөн. Бул жаатта дарамет мол. Ошондой эле суроо-талап бар. Андыктан буйрукка толуктоолорду киргизүү зарыл, - дейт спикер.
Карагаев Жумабай, РКнын Энергетика вице-министри:
- Тактап айтканда, аукциондун катышуучулары үчүн кол коюу бонусунун баштапкы суммасынан кем эмес өлчөмдө кепилдик төлөмүн киргизүү. Аукциондун жеңүүчүсү кол коюу бонусунун акыркы суммасын төлөбөгөн учурда экинчи катышуучуну жеңүүчү деп таануу. Жылына эки жолудан ашык эмес аукцион өткөрүүгө коюлган чектөөнү алып салуу маселеси каралууда. Тиешелүү жумушчу топ кызыктар мамлекеттик органдардын, жер казынасын пайдалануучулардын жана тармактык ассоциациялардын катышуусу менен түзүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков