«Ат үстүндөгү дарыгер»: элеттик дарыгердин жашоосу

«Ат үстүндөгү дарыгер»: элеттик дарыгердин жашоосу

«Ат үстүндөгү дарыгер». Мындай каймана ат менен бүт өмүрүн дарыгердик кесибине арнаган Юматай аталып калган. Бул адам отуз жылдан бери кесиби менен эмгектенип, Синьцзяндын Иле-Казак автономиялуу районунун бийик тоолуу жайытында оор шартта койчулардын жана катардагы айыл тургундарынын өмүрүн сактап келет. 2013-жылы көрсөткөн кызматы үчүн ал «Кытайдын мыкты айылдык дарыгери» наамына ээ болгон.

Юматай Обакируле, Бозадер айылдык медицина борборунун дарыгери:

- Мен өз ишим менен сыймыктанам. Койчулар сырткы дүйнө менен байланышы жок тоолордо эмгектенишет. Эгерде жакын жерде дарыгер жок болсо, ооруп калган учурда аларга эч ким жардам бербейт.

Айта кетсек, Бозадер жайлоосу анча алыс эмес Казакстан менен чектеш жерде жайгашкан. Бул жерде 1978-жылы чакан фельдшердик-акушердик борбор ачылып, ал акырындык менен уникалдуу тоо-клиникасына айланган. Юматай Обакируле бул аймакка 1992-жылы медициналык окуу жайды аяктагандан кийин келген. Дарыгер ал учурда эч кандай жол дагы, электр жарыгы дагы болгон эмес деп эскерет.

Юматай Обакируле, Бозадер айылдык медицина борборунун дарыгери:

- Бул 1997 же 98-жылдары болчу. Кыш, үчтүн айы, абдан суук эле. Уктап жатсам, түн ортосунда бир койчу эшикти каккылады. Эмне болду деп сурадым. Ал баласынын дене табы көтөрүлүп, ал тургай төшөктөн тура албай калганын айтты. Биз дароо эле түн ортосунда баарууну чечкенбиз. Жарым сааттай жол жүрүп, коздөгөн жерибизге келдик. Аңгыча менин атым тайгаланып ылдыйды коздөй кулап кетти, мен дагы кошулуп куладым. Бутум аябай катуу ооруду. Ат 80-100 метр ылдый тоголонуп, ошол жерден жан берген.

Чейрек кылымдан кийин Бозадердеги жолдор кыйла жакшырды. Ал эми медициналык борбордо күн энергиялары жана генераторлордун жардамы менен электр жарыгы пайда болду. Деген менен бул жерде дагы деле болсо дарыгерлер жетишсиз. Ал өзүнүн миссиясы – адам өмүрүн сактап калуу үчүн, бир учурда өзү атасынын ишин уланткандай эле, өзүнүн ишин балдары улантып кетет деп үмүттөнөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков