Казакстандын Улуттук музейи баалуу тарыхый экспонаттар
менен толукталды. Парламент Мажилисинин депутаттары Ардак Назаров менен
Айдарбек Кожаназаров казак баатыры Жанкожо Нурмухамед уулунун кылычын музейдин
фондуна өткөрүп беришти. Тарыхтан кабар берген улуттук согуш куралы Орусия
аймагынан табылды. Табылга окумуштуулар тарабынан талданып, баатырга таандык
деп аныкталды. Кылычтын бир жагында «Созак-1845 – жыл», ал эми экинчи жагына «Жанкожо
Нурмухамед уулуна бизден белек» деген жазуу белги коюлган.
Ардак Назаров, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Окумуштуулардын айтымында, Созакта 1845-жылы Кенесары хан баштаган биздин баатырларыбыз менен хандарыбыз созактыктарды Кокон хандыгынан бошоткон кезде, Кенесары хан аны Жанкожа баатырга берген деген тарыхта сөздөр бар. Жанкожа Нурмухамед уулу 1774-жылы туулуп, 1860-жылы көз жумган. 17 жашынан баштап ат минип, элин коргогон. 86 жашында согушта курман болгон.
Айдарбек Кожаназаров, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Казактар кул болбосун деп ушул кылыч менен Хива хандыгына, Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Өзүм дагы Сырдарыяда туулуп-өскөн адам болгондон кийин Жанкожа баатырдын Сырдарыяда бир катар салгылашууларга катышканын билем. Мисалы, ошол мезгилде Жанакорган шаарын Кокон хандыгынан бошотуп чоң ийгиликке жеткен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

