Казакстан түрк өлкөлөрү менен биргеликте жерди аралыктан
зонддоо спутниктерин иштеп чыгууну көздөп жатат. Учурда бул маселе түрк
мамлекеттери уюмунун алкагында талкууланууда. Белгилей кетсек, уюмга
Казакстандан тышкары Азербайжан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. Серепчилердин
айтымында, долбоор космостук технологияларды натыйжалуу пайдаланууга жана
аймактагы табигый, экологиялык өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүү үчүн
кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Кайыржан Кожаев, «Казакстан космос сапары» УК башкарма
төрагасы:
- Бул долбоордун алкагында Казакстан техникалык түзүлүштү
иштеп чыгууну демилгеледи. Бирок түрк мамлекеттери уюмунун мүчөлөрү ага
долбоорлоо, даярдоо этаптарында да катыша алышат. Ошондой эле өз
технологияларын ишке киргизүүгө чакырылды. Бул долбоорлордун бардыгы, анын
ичинде 2027-жылы учурула турган жерди алыстан зонддоочу үч спутниктин улуттук
долбоору, бул тармактын өнүгүү тажрыйбасын жана дараметин чагылдырат.
Мындан тышкары, Казакстан Конго өлкөсү үчүн жерди аралыктан зонддоо системасын да иштеп чыгат. Ошондой эле, өлкө Монголия менен биргеликте KazEOSat эл аралык тобуна кирген спутникти иштеп чыгуу жана жеткирүү боюнча иш алып барат. Мындан тышкары, Казакстан оригиналдуу спутник технологияларын экспорттоону көздөөдө. Бул өлкөнүн дүйнөлүк рыноктогу үлүшүн бекемдөөгө гана эмес, атамекендик өнөр жайды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартууга жана спутниктер тобун кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

