Актөбеде Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдагулованын 100 жылдыгына карата иш-чаралар уюштурулуп жатат. Алардын бири — мергендин аты менен аталган музейде «Алия — баатырдык дастаны» аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Экскурсияга келген жаштар тарыхый сүрөттөрдү көрүп, баатыр казак кызынын өмүр жолу менен таанышышты. Эрдиги тууралуу кенен маалымат алышты. Жалпысынан аймак боюнча Жеңиштин 100 жылдыгына карата Алия Молдагулованын элесине арналган 80ден ашуун иш-чара уюштуруу мерчемделген.
Жанар Максутова, А. Молдагулова атындагы музей мүдүрү:
- Алиянын эрдиги аркылуу биздин негизги милдетибиз - жаш муундарга Мекенди аябастан, өз өлкөсүн сүйүүнүн кандай экенин көрсөтүү. Легендарлуу мергенчинин эрдиги аркылуу балдар окуяны көрүп, кызыгып калышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

