Өлкөдө жогорку окуу жайларынын бюросу түзүлөт

Өлкөдө жогорку окуу жайларынын бюросу түзүлөт

Казакстанда Борбор Азия жогорку билим берүү мейкиндигинин бюросу түзүлөт. Бюронун миссиясы аймактагы Болон реформасын илгерилетүү болуп саналат. Мындай чечим Астанада Болон процессине байкоочу топтун өкүлдөрүнүн катышуусунда, Борбор Азия университеттеринин ректорлорунун конференциясында кабыл алынды. Максаты - студенттер жана мугалимдер билим алуу жана билим алмашуу үчүн эркин аймак түзүү. Белгилей кетсек, быйыл Казакстан стипендиялык программанын алкагында Борбор Азиянын билим берүү мейкиндигине кирген өлкөлөрдүн жарандарына 186 грант бөлгөн.

Саясат Нурбек, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри:

- Бизде азыр жөн гана илимий жана окутуучулук ишмердүүлүгүн улантуу үчүн, туруктуу жер издеп жүргөн кесиптештерибиздин эсебинен, университеттерибиздин кадрдык потенциалын чыңдоо мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков