Казакстандык туризм тармагындагы ишкерлерге 480 миллион теңгеден ашык каражат бөлүндү

Казакстандык туризм тармагындагы ишкерлерге 480 миллион теңгеден ашык каражат бөлүндү

Мамлекеттик колдоо чараларынын алкагында туризм тармагындагы ишкерлер 480 миллион теңге ала алышат. Бул бизнесмендерге чыгымдарын жарым-жартылай жабууга жардам берет. Бүгүнкү күндө Маданият жана спорт министрлиги отузга жакын арызды кабыл алды. Эскерте кетсек, өткөн жылдын башынан бери Казакстанда туризм чөйрөсүндөгү ишкерлерди мамлекеттик колдоонун 7 жаңы чарасы ишке ашырылган, анын ичинде айрым чыгымдардын орду жарым-жартылай толтурулган. Мисалы, туристтик объектилерди куруу жана реконструкциялоо үчүн ишкерлерге 10% компенсация төлөнөт. Ушундай эле колдоо чарбалык субъектиге жол жээгине мейманканаларды, май куюучу жайларды, дүкөндөрдү, кафелерди курууда көрсөтүлүп жатат. Туристтик автобустар жана тоо лыжа базалары үчүн жабдууларды сатып алууга кеткен чыгымдын төрттөн бир бөлүгү кайтарылып берилет. Министрлик белгиленгендей, программа ишке ашырылгандан бери туризм тармагында иштеген ишкерлердин арасында аны колдонуучулардын саны өстү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков