Казакстандын 2060-жылга чейин көмүртек нейтралитетине жетүү доктринасы Глазгодо өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшүнө арналган форумунда сунушталат. Документте негизинен өлкө экономикасынын энергетикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу, кайра жанма энергия булактарын кеңири колдонуу боюнча чаралардын комплекси камтылган. Көмүртексиз нейтралдуу программа өлкөгө калдыктарды 97-98% кыскартууга мүмкүндүк берери мерчемделүүдө. 2060-жылга карата ИДӨнүн 50% өсүшүн эске алганда, бул максаттар үчүн алдыдагы 40 жылдын ичинде 600 миллиард доллардан ашык инвестиция керектелет. Документти иштеп чыгууга Казакстандын экологиялык уюмдар ассоциациясы жигердүү катышкандыгын белгилей кетүү керек.
Алия Баймаханова, Казакстандын экологиялык уюмдар бирикмесинин башкарма төрагасынын кеңешчиси:
- Доктрина Казакстан койгон бардык милдеттерге жооп берет. Биз аны толугу менен колдойбуз. Негизинен ал Жол картасы аркылуу ишке ашырылат. Биринчиден, ким эмне кылыш керек экенин так аныкташ керек. Бул саммитке дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү катышат жана биринчи жолу Борбор Азия өлкөлөрү биригет. Катышуучулар Дүйшөмбү жана Түркестан шаарында өткөн конференциялар учурунда көтөрүлгөн маселелерди талкуулашат. Ошондой эле, Борбор Азия өлкөлөрү да декарбонизация боюнча жалпы саясатын тааныштырат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков