Казакстан акыркы беш жылда агро өнөр жай комплексинде 5 миллиард доллардан ашык продукция чет өлкөгө экспорттоду. Биздин өлкө буудай, меслин, арпа, уй эти, кой эти, тоңдурулган балык, ун, күн карама майы, пахта буласы менен камсыз кылат. Негизги сатып алуучулардын арасында Борбор Азия өлкөлөрү, ЕАЭБ, Иран, Түркия жана Кытай бар. Дан эгиндеринин экспорту боюнча, өткөн жылы жалпы жеткирүү көлөмү 8 миллион тоннадан ашты. Ал эми 2024-жылдын аяк оона айынан 2025-жылдын жалган куран айына чейин Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Кытай, Ооганстан, Иран, Азербайжан жана Европа мамлекеттерине 6 миллион тоннадан ашык жаңы түшүм жөнөтүлгөн. Мында кайра иштетилген өнүмдү экспорттоонун көлөмү да көбөйдү. Ал болжол менен 3 миллиард долларды түзгөн.
Которгон: Сезим
Шейшеналиева

