ЖЭБдер мамлекеттин менчигине өтөт

ЖЭБдер мамлекеттин менчигине өтөт

Өкмөт менен Башкы прокуратура Казакстандагы бир катар ЖЭБдерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча алдын ала иштерди жүргүзүүдө. Бул маселе жетинин айынын 24дө экономиканы монополиядан чыгаруу боюнча комиссиянын жыйынында каралып, бул тууралуу премьер-министрдин сайты кабарлады. Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 37 жылуулук борбору бар. Бирок алардын 10у гана мамлекеттин менчигинде. Алардын бешөө квазимамлекеттик секторго таандык болсо, 22 жылуулук-энергетикалык борборлор жеке менчикке өтүп, ишкерлердин карамагында болуп келген. Мамлекеттик жылуулук борборлору Астана, Шахтинск, Аркалык, Тараз, Семей, Костанай, Урал, Кентау, Кызылорда шаарларында, ал эми квазимамлекеттик сектордун үч объектиси Алматыда, азыр экөө Актау шаарында жайгашкан. Белгилей кетсек, Экибастуздагы өзгөчө кырдаалдан кийин мамлекет башчы өкмөткө энергетикалык активдерди мамлекеттин менчигине өткөрүп, аварияга күнөөлүүлөрдү аныктап, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков