Мамлекет башчы «Самрук-Казына» фонду башкармалыгынын төрагасын кабыл алды

Мамлекет башчы «Самрук-Казына» фонду башкармалыгынын төрагасын кабыл алды

Самрук-Казына тобунун инвестициялык портфели 130дан ашык мега долбоорлорду камтыйт. Анын ичинде мунай-газ, мунай-химия, энергетика, логистика жана тоо-кен өнөр жайларында. Алар өлкөнүн экономикасына мультипликативдик таасирин тийгизет. «Самрук-Казына» ААК башкармалыгынын төрагасы Нурлан Жакупов Казакстандын президентине алдыдагы мезгилге пландар жана биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында холдинг чет өлкөлүк түз инвестициянын катализатору болуп, чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте долбоорлорго инвестиция тартууда. Касым-Жомарт Токаев долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле фонддун ишин мындан ары жакшыртуу боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди белгиледи.

Нурлан Жакупов, «Самрук-Казына» ААК башкармалыгынын төрагасы:

– Негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр максаттуу деңгээлде калууда. Биринчи жарым жылдыкта Самрук-Казынанын кирешеси 7,9 триллион теңгени түздү. Бул пландаштырылгандан 7% жогору. Учурда топтун инвестициялык портфели 53,5 триллион теңгеге 130дан ашык ири долбоорлорду камтыйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков