Евразия өнүктүрүү банкынын Казакстандагы инвестициялык портфели 7,2 миллиард долларга жетти. Ага 116 долбоор кирет, анын ичинде 2,9 миллиард долларлык 43 ишке ашырылып жаткан долбоор. Өлкөбүздүн премьер-министри эл аралык каржы уюмунун коллегиясынын жыйынын өткөрдү. Жыйында банктын өткөн жылдагы иши талдоого алынып, актуалдуу маселелер талкууланды. Кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу менен Евразия өнүктүрүү банкынын кеңешинин төрагасы болуп Олжас Бектенов шайланды. Өзбекстан бул каржы уюмун түзүү боюнча келишимге расмий кошулган. Жолугушууда Армения, Кыргызстан жана Тажикстандагы демилгелерге инвестициянын өсүшү да белгиленди. Жалпысынан банк өз ишинде БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарынын принциптерин жетекчиликке алат. Бүгүнкү күндө бул багыттагы долбоорлордун үлүшү 30%дан ашты. Бул максаттуу көрсөткүчтөрдөн 2 эсеге көп. 2022-2026-жылдарга стратегиянын алкагында «Борбордук Азиянын суу-энергетикалык комплекси», «Евразиянын транспорттук базасы», «Евразиялык товардык тармак» сыяктуу 3 мегадолбоорду ишке ашырууда:
Которгон: Назира Бегалиева

