Казакстан 3 миллион тоннага чейин балык өнүмдөрүн экспорттошу мүмкүн

Казакстан 3 миллион тоннага чейин балык өнүмдөрүн экспорттошу мүмкүн

Казакстан жылына үч миллион тоннага чейин балык өнүмдөрүн дүйнөлүк рынокко жөнөтө алат. Бул тууралуу Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев Мажилисте билдирди. Анын айтымында, буга чейин 17 ата мекендик ишкана Евробиримдиктин өлкөлөрүнө балык азыктарын экспорттоо укугун алган. Ал эми дагы 14ү дал ушундай укук алуу үчүн арыз жазган. Мындан тышкары, ата мекендик өнүмдү коңшу өлкө – Кытай Эл Республикасынын рыногуна жеткирүү көлөмү да өсүүдө. Азыркы тапта алар менен ветеринардык сертификат макулдашылып, бир эле учурда Казакстандын 64 ишканасы КЭРдин реестрине киргизилген. Жалпысынан республикада балык чарбасын өнүктүрүү үчүн бир катар мыйзамдык түзөтүүлөр да каралган. Алар өнүмдү кайра иштетүүнү жана салык преференцияларын жогорулатуу боюнча чараларды киргизүүгө тиешелүү.

Сериккали Брекешев, Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри:

Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун алкагында балык кайра иштетүү менен алектенген субъекттер үчүн кошумча нарк салыгын 70%га төмөндөтүү каралган. Мыйзам долбоору Парламент Сенатынын кароосунда. Ошондой эле биз ата мекендик чийки заттан алынган, жогорку деңгээлде кайра иштетилген балык азыктарына субсидияларды киргизүүнү пландап жатабыз. Мыйзам долбоору өкмөттүн кароосунда.

Сериккалий Брекешев белгилегендей, Экология министрлиги муздатылган жана тоңдурулган балыктарды экспорттоого тыюу салууну сунуштап жатат. Экология министрлигинин башчысынын айтымында, мындай чара, балыкты кайра иштетүүчү ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугун толуктоого жардам берет. Министр, өзгөчө балык ресурстарынын табигый популяциясын сактоо боюнча мекеме тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиледи. Бул биринчи кезекте мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүүгө тиешелүү. Тактап айтканда, айып пулду 20дан 50 айлык эсептик көрсөткүчкө чейин көтөрүү жана кайталап мыйзамды бузгандыгы үчүн 15 суткага чейин административдик камакка алуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков