2023-жылы Казакстандын саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо 2,5 триллион теңгени түздү. Ошону менен бирге, жалпы сумманын жарымынан көбүн амбулаториялык чыгашалар түздү. Калыбына келтирүү иштерине 13 эсе көп каражат – 78 миллиард теңге бөлүнгөн. Жалпысынан Казакстан 2027-жылга чейин саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдардын үлүшүн ИДӨ 5%га жеткирүү максатына ишенимдүү кадам таштоосун улантууда. Ошондой эле, быйылкы жылы аймактарда 90 жаңы оорукана жана бейтапканалар курулуп, 80 мекеме жаңыланды. Фармацевтика жана медициналык өнөр жайды өнүктүрүүнүн алкагында шприцтерди чыгаруу, түштүк кореялык компаниянын УЗИ стационардык диагностикалык системаларын чыгаруу, угуу аппараттарын, нурланткычтарды, тазалоочу беткаптарды чыгаруу боюнча долбоорлор ишке киргизилди. Өлкөдө трансплантология, кардиохирургия, онкология жана инновациялык клеткалык технологиялар чөйрөсүндө 80 жаңы технология киргизилип, аларды колдонуу менен 20 миңге жакын адам дарыланды.
Ажар Гиният, Саламаттыкты сактоо
министри:
- Өлкө Президентинин колдоосу
менен “Элеттик саламаттыкты сактоону модернизациялоо боюнча улуттук долбоор” программасы
кабыл алынды. Келерки жылдан тарта 500дөн ашык объекттин курулушу башталып, 32
райондук оорукана жаңыланат жана бул бейтапканаларда райондор аралык инсульт
борборлору, коронардык борборлор, ошондой эле, кичи инвазивдүү хирургиялык
борборлор ачылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков