Уимблдон турниринин жеңүүчүсү Елена Рыбакина казакстандык күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Бүгүн чоң спортто өлкөнүн атын чыгарган теннисчиге 2-даражадагы «Достук» ордени тапшырылды. Жолугушууда Елена жаш спортчуларды турнирдеги жеңиши үчүн ала турган байгеси менен колдоорун билдирди.
Елена Рыбакина, Казакстандын биринчи теннисисти:
– Албетте, мекендештердин колдоосун дайыма сезип турам. Бул мен үчүн чоң кубаныч жана жоопкерчилик. Азыркыдай сезимдер болуп жатканына дагы эле ишене албайм. Турнир уюштуруп же жаш оюнчуларга грант берсе жакшы болмок деп ойлойм. Анткени бул жерде мен абдан чоң колдоого ээ болдум. Эми менин миссиям өсүп келе жаткан муунга жардам берүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков