Астанада Кыргызстандын ишкер аялдары тууралуу китептин бет ачары өттү

Астанада Кыргызстандын ишкер аялдары тууралуу китептин бет ачары өттү

Эмгек Назарбаев университетинин алдындагы Ишкерликти изилдөө борборунун окумуштуулары кошуна өлкөгө экспедиция учурунда чогулткан маалыматтарына негизделген. Басылманын жетекчиси — Жогорку бизнес мектебинин ассоциацияланган профессору Шумайла Юсуфзай. Анын айтымында, ар бир аңгеме Кыргызстандагы коомчулукка негизделген туризмдин жергиликтүү аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, маданиятты сактоого жана өлкөнүн экономикасына кандай салым кошуп жатканы тууралуу баяндайт. Профессор Кыргызстандын коомчулукка негизделген туризм модели бүгүнкү күндө абдан ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеп өттү. Ал 1995-жылы калктын аялуу катмарын колдоо максатында иштелип чыккан долбоордун алкагында өнүккөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда туризмдин бул түрүн өнүктүрүүгө арналган 18 кеңсе бар. Алар аялдарга ар кандай кесиптерди үйрөнүүгө, ишке орношууга жана өз аймагында ийгиликтүү бизнес түзүүгө жардам беришет.

Шумайла Юсуфзай, Назарбаев университетинин бизнес мектебинин ассоциацияланган профессору, NURCE мүдүрү:

- 2022-жылы Казакстанда, Кыргызстанда жана бүтүндөй Борбор Азияда аялдардын ишкердигин изилдөө үчүн Назарбаев Университетинин грантын утуп алдык. Изилдөө темасы - коомчулукка негизделген туризмдеги айымдарга колдоо көрсөтүү болуп саналат. Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдардын коомчулукка негизделген туризмге катышуусу боюнча өзгөчө ийгиликке жетишкен өлкөлөрдүн бири экенин билебиз. 2022-жылы Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген аялдар менен маектештик. Биз алардын үй-бүлөсүнө, коомчулугуна, мекенине, экономикасына жана туризмине кошкон салымы тууралуу ар кандай окуяларын уктук. Кийинчерээк уникалдуу окуяларды көпчүлүктүн назарына сунуштоону туура көрүп, ушундай чечим кабыл алдык.

Джозеф Кееингс, Назарбаев университети жогорку бизнес мектебинин деканы:

- Биз Казакстанды эле эмес, аймакты да изилдейбиз. Жаңы компаниялардын киришине кандай факторлор таасир этет, компаниялардын рыноктон чыгышына эмне түрткү болду? Жаш компаниялардын жана ишкерлердин ийгиликтүү өсүшү үчүн зарыл болгон рыноктук экосистеманы кантип түзүүгө болот? Ушундай суроолордун тегерегинде изилдөө жүргүзөбүз.

Дал ушундай эле изилдөөлөр Казакстанда да жүргүзүлгөн. Жыл аягына чейин өлкөдөгү аялдар арасында жамааттык туризмди өнүктүрүү боюнча китептин бет ачарын өткөрүү көздөлүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков