2024-жылы Кичи
Аралды сактап калуу долбоорунун экинчи фазасы башталат. Ал эми Эл аралык Аралды
сактоо фондуна төрагалык кылуу Казакстанга өтөт. Өлкө Швейцариянын өнүктүрүү
жана кызматташтык агенттигинин Blue Peace программасынын алкагында ишти улантуу
ниетинде. Казакстан Борбордук Азияда бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске
ала турган эл аралык суу-энергетикалык консорциум түзүү боюнча демилгелерди
ишке ашырууну мерчемдөөдө. Буга кошумча, жаңы кадрларды даярдоого жана суу
чарба тармагында иштеп жаткан адистердин билим деңгээлин жогорулатууга
кызыктар. Белгилей кетсек, Кичи Аралды сактап калуу боюнча долбоордун биринчи
фазасы аяктоо алдында турат. Программанын өкүлдөрү экинчи этап алкагында кандай
багыттар камтылышы керектигин билүү максатында Борбордук Азия өлкөлөрүн
кыдырышат.
Нуржан
Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:
- 2017-жылдан
бери Казакстан Blue Peace программасы менен жигердүү иш алып барып келди. Бирок
пандемия учурунда иш токтоп калган. Эми сиздер менен биргеликте бул
программанын алкагында иш-аракеттерибизди күчөтөбүз деп ойлойм.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков