Казакстанда мобилдик интернеттин ылдамдыгы артууда

Казакстанда мобилдик интернеттин ылдамдыгы артууда

Казакстанда мобилдик интернеттин ылдамдыгы жыл башынан бери 60%га өсүп, секундасына 31,93 мегабитти түздү. Бул көрсөткүч боюнча өлкө Арменияны кошпогондо Борбор Азия жана Евразия биримдигинин бардык өлкөлөрүнөн алдыда, деп билдирет Finprom.kz. Интернет кызматтарынын сапатынын жогорулашы уюлдук байланыш операторлору тарабынан аталган тармакка инвестициянын олуттуу көбөйүшү менен түздөн-түз байланыштуу, дешет адистер. 2021-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча аталган тармакка тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 96,5 миллиард теңгени түздү. Бул былтыркыдан эки эсе көп. Серепчилердин айтымында, тармакка инвестициянын баары бюджеттик каражаттарды тартпастан бизнес чөйрөсүнүн катышуусу менен жасалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков