Түркестандык археологдор баалуу экспонаттарды табышты

Түркестандык археологдор баалуу экспонаттарды табышты

Түркестан облусунан алгачкы коомчулук курулуш кезинде колдонулган экспонаттар табылды. Туттыбулак үңкүрүнөн кыргыч, таш табак сыяктуу жана башка буюмдар казылып алынган. Германиядагы талдоодон кийин байыркы экспонаттардын жашы аныкталды. Алардын 48 миң жылдык тарыхы бар.

Жакен Таймагамбетов, тарых илимдеринин доктору:

- Орто кылымдарда колдонулган карапа идиштеринин сыныктары, ошол доордогу адамдардын тамак-аш сакталган жерлери жана башка кызыктуу олжолор табылды.

Казакстан жериндеги археологиялык эстеликтер чет элдик окумуштуулардын кызыгуусун жаратууда. Маселен, Евробиримдиктин атайын долбоорунун алкагында Туттыбулак үңкүрү изилденип жатат. Эл аралык казуу иштерине Германиянын, Грециянын жана Испаниянын археологдору тартылган. Алардын бири Радо Йовица буга чейин дүйнөлүк деңгээлдеги бир катар экспедицияларга катышкан. Акыркы убакта анын кызыгуусу Борбор Азияга оой баштаган.

Радо Йовица, археолог: /Германия/

- Үңкүрлөрдү изилдөө биз үчүн абдан маанилүү иш. Анткени мындай жерлерде адам жана жаныбарлардын калдыктары жакшы сакталган. Алынган үлгүлөр аркылуу ДНК-талдама жасайбыз. Ушундай жол менен биз ал аймакта кандай адамдар жашаганын аныктайбыз.   

Археологдор «өлкөдөгү байыркы үңкүр биз үчүн тарыхтын алтын бутагындай» - дешет. Мында  жаратылыштын өзү адамзаттын өнүгүү тарыхын сактап калган. Дагы көптөгөн илимий-изилдөө иштери жүрүп жатат. Казакстандын аймагында ушундай 80 үңкүр бар. Анын көбү ушул күнгө чейин толук изилдене элек.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков