Казакстан: 6 айда 11 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылды

Казакстан: 6 айда 11 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылды

11 миллиард доллардан ашуун. Үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Казакстандын экономикасына ушунча көлөмдөгү түз чет элдик инвестиция тартылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 30,4%га көп. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде инвестициянын көлөмү 8,5 миллиард долларды түзгөн. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин инвестиция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ерлан Зейнешевдин айтымында, инвестициялык каражаттардын 50 пайызга жакыны тоо-кен өнөр жай тармагына тиешелүү.

Ерлан Зейнешев, РКнын ТИМ Инвестициялар комитети төрагасынын орун басары:

- Казакстандагы эң көп инвестиция салгандардын арасында Нидерланды биринчи орунда турат. Ушул жылдын биринчи жарымында аталган өлкөдөн келген каражаттар 29,6 пайызды түзсө, андан кийин АКШ 18,8 пайызды, Швейцария, Орусия Федерациясы жана Улуу Британия турат. Тармактар боюнча тоо-кен өндүрүү өнөр-жайы тармагы алдыңкы орунда. Анын үлүшү болжол менен 50 пайызды түзөт. Кайра иштетүү өнөр жай тармагы экинчи орунда, үлүшү болжол менен 19 пайызды түзөт. Ал эми аймактарга келсек, алдыңкы бештикке Атырау облусу, Алматы, ошондой эле, Чыгыш Казакстан облусу, Батыш Казакстан облусу жана Павлодар облустарына түз чет элдик инвестициялар тартылган.

Айта кетсек, Казакстанга эгемендүүлүк жылдарында 670 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков