Казакстанда банктар жана криптобиржалардын өз ара аракеттери боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда

Казакстанда банктар жана криптобиржалардын өз ара аракеттери боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда

Казакстан Борбор Азия чөлкөмүнүн крипто хабы боло алат. Астана эл аралык каржы борборунун базасында банктар менен крипто-биржалардын өз ара аракеттенүүсү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда. Анын аркасында Казакстанда санариптик активдердин соодасы жөнгө салынган чөйрөдө уюштурулат. Белгилей кетсек, буга чейин кенди казуудан түшкөн каражаттын баары республиканын чегинен тышкары чыгып турган. Эми крипто индустриясы казак экономикасынын пайдасына иштейт. Казакстандын энергиясын пайдалануу менен казылган санариптик активдер ата мекендик криптобиржаларга агылып, киреше таба баштайт.

Сергей Путра, Блокчейн индустрия жана дата- борбору ассоциациясынын вице-президенти:

- Көрсө Казакстан ресурстук база катары колдонулат экен. Биздин компаниялар абсолюттук туруктуу пайда алышат, бул жабдууларды ижарага алуу баасы. Бул аннуитеттин ставкасы өздүк наркын жана маржаны камтыйт, салыктар ушул маржа боюнча төлөнөт. Жагдай каралып, криптавалюта Казакстанда кала турган учурда. Бул майнерлер Казакстандын бюджетине төлөй турган салыктын кыйла көбөйүшүнө алып келет. Бул үчүн, жөн гана бардык жараяндарды жөнгө салып бардык эрежелерди кабыл алуу керек.

Мындан тышкары, калк экинчи деңгээлдеги банктар аркылуу крипто-биржанын эсебине акча которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошол эле учурда каржы институттары жөнөкөй валюта менен гана иштешет. Санариптик активдерге акча каражаттарын алмаштыруу, капчыкты толуктоо же санариптик активдерди алуу. Бул операциялардын баары адистештирилген биржада жүргүзүлөт.

Сергей Путра, Блокчейн индустрия жана дата- борбору ассоциациясынын вице-президенти:

- Банк жөн гана кардар менен крипто биржасынын ортосундагы акча операцияларды, жөнөкөй акча менен жүргүзөт. Мурда муну жасоо мүмкүн эмес болчу. Мындай операциялар жогорку тобокелдик деп саналып, банктар аларды жүргүзүүдөн баш тартышкан. Пилоттук долбоордун алкагында банктарга мындай операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Бирок ар бир банк тобокелдиктерди талдоо системасын карап колдонот жана өзүнүн эрежелерин иштеп чыгат.

Эксперттердин айтымында, долбоор өлкөдөгү крипто индустриясын мындан ары өнүктүрүүгө жана Казакстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга чоң түрткү болот. Республика виртуалдык валюталар менен операцияларды жүргүзүү үчүн ыңгайлуу өлкөлөрдүн бири боло алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков