Казакстанда алгачкы онлайн мектеп

Казакстанда алгачкы онлайн мектеп

Жашоого жолдомо. Республиканын алыскы айылдарынан келген жөндөмдүү жана таланттуу балдар өлкөнүн мыкты мугалимдеринен билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. «Birge oqý» долбоору облустардын балдары, алдыңкы эл аралык усулдар, инновациялык технологиялар жана казак мугалимдеринин ортосундагы көпүрө болуп калды. Азыр алардын жолугушчу жери - Дүйнөлүк Желе. Жыл башынан бери республикада Эл Башы Академиясынын онлайн мектеби иштеп келе жатат.

Долбоордун уюштуруучуларынын айтымында, бардык балдар билимге суусуган жана абдан максаттуу. Алар «Мын бала» республикалык олимпиадасынын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган. Алардын бардыгы бекер окууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындай мүмкүнчүлүккө өлкөнүн бардык аймактарынан келген 5-6-класстын бир жарым миңден ашуун окуучу ээ болгон.

Айжан Аршабаева, Эл Башы «Birge Oqý» онлайн-мектебинин координатору:

- Ошентип, биздин онлайн мектеп сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүндөгү теңсиздикти жоюуга жетишти. Башкача айтканда, окуучу кайда жүргөнүнө карабастан, балким ал Кызылорда облусунда болобу, Арал районундабы же өтө алыскы айылдабы, ал тургай вотсап иштебеген жерде да билим ала алышат. Бизде мындай окуучулар көп, бирок балдар абдан жөндөмдүү жана максаттуу.

Окуу жараянын академиянын координаторлору жана модераторлору көзөмөлдөп турушат. Сабактар үзгүлтүксүз болуп турушу үчүн алар техникалык колдоо көрсөтүшөт. Бирок сабакка өз убагында байланыша албай калгандар үчүн алдын ала жазылып алынган сабактарбар. Айта кетсек, балдар азырынча негизги сабактар боюнча гана тарбияланып жатышат: бул математика, англис, орус жана казак тилдери.

Даяна Скендирова, «Birge Oqý» онлайн-мектебинин мугалими:

- Андагы мугалимдер темаларды так түшүндүрүп беришет, бардыгы жеткиликтүү. Бирге окуу мектебинде окуу күнүнө бир саатка созулат. Мисалы, 11:15тен 12:15ке чейин. Мага ар кандай тапшырмаларды жана ар кандай формулаларды чечкен жагат.

Келечекте долбоордун уюштуруучулары билим берүү контентин кеңейтүү менен гана чектелбестен, окуучуларды көбүрөөк тартууну көздөп жатышат. Кийинки жылдан тартып 10 миңден ашуун таланттуу казакстандыкты камтуу мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков