Казакстан медалдардын саны боюнча бокс дүйнө чемпионатынын тарыхында үчүнчү орунга көтөрүлдү

Казакстан медалдардын саны боюнча бокс дүйнө чемпионатынын тарыхында үчүнчү орунга көтөрүлдү

Буга Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөн XXII дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы таасир эткенин Спортту өнүктүрүү дирекциясы билдирди. Эскерте кетсек, мелдеште казакстандык Санжар Ташкенбай, Махмуд Сабырхан, Асланбек Шымбергенов жана Нурбек Оралбай 4 алтын медалга ээ болушкан. Ал эми Дулат Бекбауов күмүш медаль тагынды. Жалпы эсепте Казакстандын командасы экинчи орунду ээледи. Белгилей кетсек, Казакстан 1993-жылдан бери эгемен өлкө катары дүйнөлүк чемпионатка 16-жолу катышкан. Азыр бизде 18 алтын, 16 күмүш жана 22 коло медаль бар. Мунун аркасында Казакстан АКШны басып өтүп, дүйнө чемпионатынын тарыхында медалдык эсепте 3-орунга көтөрүлдү. Биринчи орунда Куба, экинчи орунда Орусия турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков