Казак теңгесине – 29 жыл!

Казак теңгесине – 29 жыл!

Бул мамлекеттүүлүктүн негиздерин бекемдеген Казакстандын экономикалык көз карандысыздыгынын символу экени талашсыз. Улуттук валютанын дизайнын казакстандык адистер тобу жасаган, бирок биринчи банкноттор Улуу Британияда басылган. Казак банкнот фабрикасы 1995-жылы иштей баштаган. Теңгенин дизайны бир нече жолу өзгөргөнүн белгилей кетүү керек. Алгач банкнотторго белгилүү тарыхый инсандардын портреттери басылып, кийинчерээк акчага Эгемендүүлүктүн жетишкендиктери тууралуу чагылдырган «Байтерек», «Акорда», Эгемендүүлүк монументтери, «Казак Эли» сүрөттөрү жайгаштырылган. Алгач 7 номинал чыгарылган, андан кийин 10 миң жана 20 миң теңге номиналдары жүгүртүүгө кошулду. Теңге дүйнөдөгү эң корголгон акчалардын бири. Ошондой эле, Казакстандын валютасы дүйнөдөгү эң кооз валюталардын бири болуп эсептелет. Теңге бүгүнкү күндө дизайн жана технологиялык жаңычылдыктар боюнча түрдүү номинациялардагы 20дан ашык сыйлыктарга ээ болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков