Газадагы казакстандыктар Алматыга учуп келди

Газадагы казакстандыктар Алматыга учуп келди

Газа секторунан атайын эвакуациялык борт менен 99 казакстандык жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Алматы шаарына учуп келди. Аларды мекенине кайтаруу иштерин Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык Тышкы иштер министрлиги жүзөгө ашырды. Бардык жарандар убактылуу турак-жай менен камсыздалып, аларга зарыл болгон юридикалык жана медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Ийгиликтүү ишке ашырылган эвакуациялоо Казакстандын Израилдеги, Иорданиядагы жана Египеттеги элчиликтеринин аталган өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары, ошондой эле, эл аралык уюмдар менен биргелешкен ишинин натыйжасы. Жакынкы Чыгыш чөлкөмүнүн тышкы саясий мекемелеринин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү бөлүм жарандардын Газа секторунан коопсуз жана тоскоолдуксуз чыгуусу боюнча макулдашууга жетишти.


Которгон: Илгиз Жамалбеков