Ахалтекин тулпары Акжан – Астананын жаңы маданий символу

Ахалтекин тулпары Акжан – Астананын жаңы маданий символу

Казакстанда Астананын жаңы маданий кубулушу – Акжан аттуу жылкы тездик менен популярдуулукка ээ болууда. Сейрек кездешүүчү жылкы былтыр жазында туулган. Бул түс Ахалтеке породаларынын болжол менен үч пайызында кездешет. Аты «Таза жан» деп которулган Акжан, таза кандуу ахалтеке тукумундагы Ганатлы жана Табыс аттуу жылкылардан тараган – серепчилер аны ата мекендик асыл тукум фондунун башкы сыймыктарынын бири деп аташат. Анын өзгөчө жүндөрү суктанууну жаратат: майда чачтар жарыкты чагылдырып, жумшак ички жаркыраган эффект жаратат. Улуу талаанын маданиятында мындай жылкылар байыртан эле бакубатчылыктын, ийгиликтин символу болуп эсептелген. Бүгүнкү күндө Акжан сейрек кездешүүчү сулуу гана эмес, көчмөн цивилизациянын жана азыркы Казакстандын көп кылымдык салттарынын символу катары да кабыл алынууда. Президенттик ат сарайында эки кулундун – Акниет жана Бортенин пайда болушу менен окуя уланып, аларга Президент Касым-Жомарт Токаев ат койгон. Жаш тулпарларды карап, Мамлекет башчысы алардын шамалды артта калтыра ала турган чыныгы тулпарлардан өсүп чыгышын каалады. Эгер Акжан таза жанды, гармонияны жана Улуу талаанын азыркы образын билдирсе, анда Акниет жана Борте анын келечегин, муундардын уланышын улуттук салттарга урмат-сыйды билдирет. Мына ушул себептен бул жылкылардын окуясы Казакстанда гана эмес, андан алыс да чоң кызыгууну жаратууда – Акжандын жана кулундардын сүрөттөрү социалдык тармактарда кеңири жайылууда, ал эми бул жылкылардын окуясы чет элдик маалымат каражаттарында барган сайын көбүрөөк чагылдырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков