Шорт-трекчи Ольга Тихонова Бээжиндеги оюндарын жыйынтыктады

Шорт-трекчи Ольга Тихонова Бээжиндеги оюндарын жыйынтыктады

Кыз-келиндер арасында 1500 метрге жарышка түшкөн казакстандык спортчу эреже бузганы аныкталып, калыстар тарабынан мелдештен четтетилди.

Ольга Тихонова, шорт-тректен улуттук кураманын мүчөсү:

- Дистанцияны жакшы басып өттүм. Бирок судья мени эреже бузду деп чечти. Ошол себептен жарыштан чыгып калдым.

Ал эми казакстандык Захар Кучин тоо лыжасы боюнча мелдеште багын сынады. Атайын слаломдо ал 36-орунда турат. Лыжачылар Надежда Степашкина менен Ксения Шалыгина командалык спринттин жарым финалында 10-орунга ээ болушту. Кышкы олимпиаданын 14-күнүндө Казакстандын курама командасынын 2 спортчусу күч сынашат. Атап айтканда, Екатерина Айдова менен Надежда Морозова коньки тебүү боюнча жарышка түшөт. Бирдин айынын 20на чейин улана турган Бээжин олимпиадасында өлкө намысын 34 спортчу коргоп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков