Казакстан президенти мугалимдер менен окуучуларды билим күнү менен куттуктады

Казакстан президенти мугалимдер менен окуучуларды билим күнү менен куттуктады

Казакстандын президенти мугалимдерди жана окуучуларды Билим күнү менен куттуктады. Касым-Жомарт Токаев Instagram баракчасында өсүп келе жаткан муун өлкөнүн келечеги экенин баса белгилеп, мамлекет жаштардын сапаттуу билим алышы үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын белгиледи. Мамлекет башчысы буга кошумча балдарды тарбиялоодо мугалимдин ордуна токтолду. Ар бир окуучуну инсан болуп калыптандырууда мугалимдердин ролу чоң экенин белгиледи. Ошондуктан мугалимдерге ар дайым колдоо көрсөтүлөт. Мамлекет башчысы өсүп келе жаткан муундардын окууда ийгиликтерди жаратып, коомдун бардык тармагында бийиктиктерге жетишине тилектештигин билдирди. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков