Дал ушуну көздөгөн Сенат документти кабыл алды. Макулдашууда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жүктөрдү ташуу катышуучулары үчүн жеке бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү каралган. Ошондой эле милдеттүү бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөгө байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салат. Мындан тышкары, жаңы инструмент Биримдиктин “кепилдик” институтун өнүктүрүүгө жана бирдиктүү транзиттик системаны түзүүгө жардам берет, дешет депутаттар. Бул өз кезегинде улуттук ташуучуларга заманбап алдыңкы тажрыйбаны колдонууга шарт түзөт.
Султанбек Алмазбеков, Парламент Сенатынын депутаты:
- Декларанттар бир нече транзиттик декларациялар боюнча ташылган товарларга бажы алымдарын салыктардын суммасын азыраак же 20% өлчөмүндө караштыра алат. Экинчи келишимге ылайык, улуттук кепил деп таанылган гаранттар үчүн жөнөкөйлөтүүлөр колдонулушу мүмкүн. Аталган адамдар белгилүү бир шарттар аткарылганда каржылык-кепилдиктин суммасын 10%дан 100%га чейин жөнөкөйлөтүүнү колдоно алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков