Прагада казак киносунун күндөрү өтүп жатат. Чехиялык көрүүчүлөрдүн назарына эки ата мекендик тасма – “Патриоттор мезгили” жана “Зере” сунушталды. Көргөзмө Казакстандын аталган өлкөдөгү элчиликтеринин колдоосу менен уюштурулган. Жолугушууда дипломаттар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн маданий кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилешти. Мындан тышкары, Казакстандын Улуттук кинематографиясын колдоо боюнча мамлекеттик борборунун өкүлдөрү Чехиянын бир катар продюсердик борборлору менен өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков