«THE SPIRIT OF ASTANA – 2023»

«THE SPIRIT OF ASTANA – 2023»

Домбра, кобыз, жетиген, ышкырык, сазсырнай, шаңкобыз, доолбас, дангыра, асатаяк үнү. Курмангазы, Даулеткерей, Нургиса Тилендиев сыяктуу атактуу композиторлордун ырлары, обондору заманбап стилде. Төрт жылдан кийин Астанада The Spirit of Astana заманбап этникалык музыка фестивалы уюштурулду.

 

Эл аралык иш-чаранын көшөгөсүн ата мекендик TURAN тобу ачып берди. Этно-рок стилинде чыккан популярдуу топ казактын “Кара жорго” жана Даулеткерейдин “Көроглы” күүлөрүн аткарышты. Ошондой эле Грузия, Израил, Венгрия, Өзбекстандан келген музыканттар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

 

Буга кошумча, катышуучулардын айтымында, фестивалда салттуу ырдын уникалдуу синтезин заманбап стилде угууга болот.

 

Асет, Ди-джей:

 

Бул фестивалдын негизги максаты – элди этникалык музыка менен тааныштыруу, башкача айтканда, аны туура жайылтуу. Негизи аталган фестиваль быйыл экинчи жолу өтүп жатат. Буга чейин ал Алматыда өткөн. Астанадан кийин, ушул жылдын аяк оона айынын аягына чейин Туркестанга барабыз.

 

Улуттук маданий бренд макамына ээ болгон фестивалда музыкалык шоудан тышкары маданий мурастар жана экспонаттар дүйнөсүнө саякаттап, кийиз жана булгаары менен иштөө, карапачылык, көркөм сүрөт, кездемеге сүрөт тартуу боюнча мастер-класстарга катышып, гүл өстүрүү, түрдүү элдердин ашканасынан даам татып, кол өнөрчүлөрдүн жарманкесинен handmade буюмдарын сатып алууга болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков