Казак хандыгы тууралуу жаңы маалымат ачылды

Казак хандыгы тууралуу жаңы маалымат ачылды

Жакында Оренбург облустук мамлекеттик архивинен Абулхайыр хандын мураскору болгон Кедей бий тууралуу маалымат табылды. 1740-1750-жылдар аралыгындагы көрүнүктүү ишмер Петербургда казак хандыгынын кызыкчылыгын коргогону белгилүү. Мындан тышкары бий казак жерин изилдеп, ал жөнүндө китептерди жазган. XVIII кылымдагы казак хандыгынын дооруна зор салым кошкон инсан тууралуу маалыматтар «Руханий кайра жаралуу» программасынын алкагында жарык көргөн китептерге киргизилип, кеңири жайылтылат.

Берекет Карибаев, Тарых илимдеринин доктору:

- Бүгүн биз 21-кылымды инновация, илим жана технология деп атайбыз. Мунун баары чын, бирок руханий фактор улуттук тарых менен байланыштырылышы керек. Анын байланышы жок жерде коом кайда бараары белгилүү. Ошондуктан өлкөбүз тарыхты эскерүүгө, тарыхый инсандарга таазим кылууга арналган. Бул көп нерседен кабар берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков