Санитардык дарыгерлер казакстандыктарга майрамды эл көп чогулган жерлерде өткөрбөөгө кеңеш берет. Бүгүнкү күндө кызыл зонада аймактар жок, бирок илдет жуктуруунун деңгээли жогоруласа, кырдаал өзгөрүшү мүмкүн. Көптөгөн аймактарда тыюу салынбаганы менен, Жаңы жылды ресторанда тосууну каалагандар үчүн белгилүү бир талаптар бар. Алматы облусунда ASHYQ долбооруна катышпаган бардык ишканаларга салтанаттуу, үй-бүлөлүк жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Ал эми системанын катышуучулары жашыл макамга ээ болгондорго гана кирип, 50 пайыз толумдуулук менен гана иштей алышат. Санитардык талаптардын сакталышы мониторинг тобу тарабынан катуу көзөмөлгө алынат.
Алия Шагиахмет, Облустук товарлар менен көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты жана коопсуздукту көзөмөлдөө департаментинин басма сөз катчысы:
- Коомдук транспорттун каттамына же театрга, музейге мындай чектөөлөр коюлган эмес. Кадимки режимде коомдук транспорт эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин ишин улантат. Мурдагыдай иштей берет. Ал эми азыр Алматы облусу бир айдан ашык жашыл зонада турат. Ошондуктан мындай чектөөлөр жок.
Түндүк Казакстан облусунда эпидемиологиялык абал турукташып келет. Район сары аймакта жайгашкан. Акыркы эки жумада коронавируска чалдыккандардын көрсөткүчү 27 пайызга кыскарды.
Арман Күшбасов, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти башчысынын орун басары:
- Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам. Ошондуктан түндүк казакстандыктарга үйдөн белгилөөгө чакырабыз. Жалпы майрамдык иш-чараларга уруксат берилет. Бирок коноктордун саны 70 кишиден ашпашы керек. Ошондой эле, ASHYQ системасы болууга тийиш.
Түндүк Казакстан облусунда вакцина алуу жайлары майрам күндөрү да иштейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков