БШК: тоскоолдуксуз добуш берүү үчүн кандай шарт түзүлдү?

БШК: тоскоолдуксуз добуш берүү үчүн кандай шарт түзүлдү?

Кулжа айынын 5не белгиленген референдумга 400 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген адам катыша алат. Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясында коомдук бирикмелердин өкүлдөрү үчүн окуу семинары өттү. Анда шайлоо участкаларында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү маселеси талкууланды. Ошондой эле, Казакстандын ар бир жаранынын тоскоолдуксуз добуш берүү маселеси каралды.

Ляззат Калтаева, Парламент Сенатынын депутаты:

- Кээ бир мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жекшемби күнү атайын такси алып кетүүнү суранышты. Бирок бул бардык жерлерде мүмкүн эмес экенин билебиз. Референдум жекшембиге белгиленгендиктен шарт түзүлүшү керек деп ойлойм.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков