Окумуштуулар тайгандын ДНКсын изилдей башташты

Окумуштуулар тайгандын ДНКсын изилдей башташты

Казак окумуштуулары тайгандын генефондун чечмелеп жатышат. Азыр өлкө боюнча жаныбарлардын ДНКсы чогултулууда. Иш 2 жылдан бери жүрүп жатат. Бул эл аралык кинологиялык коомчулукка аны өзүнчө порода катары таанууга мүмкүндүк берет - дешет изилдөөчүлөр. Ошол эле учурда, алар Чыгыш тайгандары тобунун бир бөлүгү болуп саналат.

Марк Брюшко, кабарчы

- Изилдөө өзүн актоо үчүн окумуштуулар кеминде 300 иттен генетикалык материал чогултушу керек. Азырынча иштин жарымы бүттү. Бирок ал улантылат. Биринчиден, алар бул ит популяциясынын жашоого жөндөмдүүлүгүн баалап, инбридинг коэффициентин эсептеп чыгууга тийиш. Башкача айтканда, тазылардын генетикалык тазалыгын аныктоо зарыл.

Кира Беспалова, Казакстандын билим жана илим министрлигинин генетика жана физиология институтунун илимий кызматкери:

- Изилдөөгө катышкан ар бир итке генетикалык паспорт – күбөлүк берилет. Мына ушундай болот. Документ эмнени билдирет? Ар бир тирүү организмдин ДНКсында белокторду коддобогон аймактар ​​бар. Алар тандемдик кайталоо - деп аталат. Бул уникалдуу жана тукум куучулук. Ошондуктан иттердин бири-бири менен канчалык деңгээлде жакын экенин оңой эле аныктай алабыз.

Бул жерде дагы бир маселе келип чыгат. Казакстанда тайгандардын саны боюнча азырынча расмий маалымат жок. Иттерди каттоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Көбүнчө алар шаардын сыртында, жеке үйлөрдө багылат.

Инна Назаренко, «Кансонар» Республикалык коомдук  бирикмелер ассоциациясынын кинологу:

- Азыр расмий түрдө катталсам, көп жарандар менден кийин акча алат деп ойлошот. Казакстан боюнча биздин маалымат так эмес. Бейрасмий. Маселен, учурда 3 миңдей ит каттоодо турат. Бирок алар көбүнчө жоголуп, качып кетип же унаанын астында калышат.

Ошондой эле, тайган Чыгыш тайгандары тобунун башка өкүлдөрү менен салыштырылат. Учурда ирандык кесиптештер менен казак окумуштууларына алардын салюкилеринин ДНКсын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Долбоор 2023-жылга карата иштелип чыккан жана натыйжасы жемиштүү болооруна ишеним чоң. Анткени казак тайганы тууралуу көпчүлүккө белгисиз баалуу маалыматтар ачылат деген божомол бар.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков