Казак дарыгерлери роботтун жардамы менен операция жасашты

Казакстанда биринчи жолу роботтун жардамы менен операция жасалды. Астанадагы Улуттук травматология жана ортопедия борборунун адистери америкалык аппаратты колдонуп көрүштү. Кезегин күткөн бейтаптардын тизе жана жамбаш сөөктөрүнүн муунун алмаштыруу ушул автоматташтырылган системанын жардамы менен жүргүзүлөт. Башкача айтканда, ал артрит жана артрозго чалдыккан адамдардын айыгуусуна себеп болот. Ошондой эле, операция жасоо убактысын кыйла үнөмдөйт. Робот өз алдынча операция жасабайт. Болгону дарыгерлердин көрсөтмөсүн дыкаттык менен аткарат.

Жумахан Сламов, Травматолог-ортопед дарыгер:
- Роботтун жакшы жери – тизе же жамбаш сөөктөрүнүн муундарына жасалуучу ар бир операциянын алдында адистер бар болгон керектүү командаларды берет. Операция учурунда машина ката кетирбейт. Бир аз мүчүлүштүк кетсе эле ал дароо токтойт.

Сулушаш Оспанова, бейтап:
- Менин буттарым ооруйт. Дарыгерлер операция алдында мени менен кеңешип, тынчсыздануунун кереги жок экенин, баары жакшы болорун айтышты. Ошондуктан роботтун операция жасоосуна макул болдум.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков