Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди. Мекеменин маалымдашынча, азыр криптовалюта өндүрүү үчүн тиешелүү лицензияга ээ болуу зарыл. Ал үч жылга берилет. Ошондой эле, лицензия эки түргө бөлүнөт. Бири 7 миллион теңге болсо, экинчиси 17 миң теңгеден жогорку сумма. Лицензия берүү эрежелерин бузгандарга айып пул салынат. Бул юридикалык субьектиге байланыштуу. Эске сала кетсек, азыркы учурда санариптик майнерлер электр энергиясы үчүн кошумча салык төлөшөт. Казакстанда майнерлерди жөнгө салуу жана санариптик бассейн түзүү максатында, быйыл Санариптик активдер жөнүндө мыйзам кабыл алынып, ишке киргизилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков