Кайра жанма энергия булактарды жана калдыктарды кайра иштетүү боюнча VIII Евразиялык бизнес-форуму

Казакстанда таштанды чыгаруу техникалары атайын көзөмөл-сенсорлор аркылуу көзөмөлдөнөт. 122 уюм мындай тутумга туташууга жетишти. Бул реалдуу убакыт режиминде катуу-тиричилик-калдыктар чогултулган жерден жайгаштыруу жайына чейин кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу тармактык мекемелерден 8-тармактык Евразиялык бизнес-форумдун жүрүшүндө белгилүү болду.

Иш-чарага 200дөн ашык өкүлдөр катышты. Алар тармактын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Улуу Британиядан, АКШдан, Австриядан, Грециядан жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген серепчилер. Казакстан 2060-жылга карата көмүртектин бейтараптуулугуна жетишүү максатында, ошондой эле 2030-жылга чейин жашыл экономикага өтүү боюнча Концепцияга ылайык план ченемдүү кадамдарды жасап жаткандыгы белгиленди. Ушул убакка чейин өлкөнүн коммуналдык калдыктарын кайра иштетүү көрсөткүчү 40%ды түзүшү керек. Республика таштанды чыгаруу маселесин мамлекеттик колдоо аркылуу чечүүгө ниеттенүүдө.

Алсак, быйылкы жылы Өкмөт тарабынан калдыктарды башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду жеңилдетилген каржылоонун атайын механизми бекитилген. Мындан улам республикада быйыл 37 жаңы завод курулуп, иштеп жаткан 8 завод жаңыланат. 4 долбоор – Акмола, Костанай облустарында жана Шымкентте каржылоо стадиясында турат. 

Жомарт Алиев, жаратылыш ресурстары жана экология вице-министри:

– Биз тараптан жана Өкмөт тарабынан иштеп жаткан 2023-жылдын теке айында катуу-тиричилик-калдыктардын жаңы полигондорун куруу жана иштеп жаткан полигондордун кубаттуулугун кеңейтүү, ошондой эле аларды шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Ошону менен бирге биз 2024-2029-жылдарга карата калк арасында экологиялык маданиятты өнүктүрүү концепциясын иштеп чыктык. Анда негизги багыттардын бири калдыктарды рационалдуу башкаруу болуп саналат. Концепциянын алкагында калдыктар менен туура иштөө боюнча калктын экологиялык аң-сезимин жогорулатуу жаатында иш-чаралар каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков